2020-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду бир нече ийгиликтүү медиадемилгелерди колдоду. Мисалы, кыргыз тилиндеги yntymak.kg порталы аймактардагы турмуш жөнүндө 10 чыгарылыш, «Бешбармак» — таанымал кыргыз ырларынын сурдокотормолуу роликтер сериясы, Максатбек Осмоналиев «Аралыктан билим берүү» фотодолбоору, көзү көрбөгөн жана начар көргөн угуучулар үчүн актуалдуу жаңылыктар жөнүндө «Дүйнө башкалардын көзү менен» подкасты сыяктуу долбоорлор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.
2021-жылы IDEA Борбордук Азия "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен MediaJasa программасын ишке ашырып, анын алкагында 13 контент жаратуучу жана журналисттер бир нече медиадолбоорлорду чыгарды: Кыргызстандагы өзгөчө кесиптер жөнүндө фотодолбоор, менталдуу ден-соолук тууралуу подкаст, Бишкекте жашоо жөнүндө медиабулак, куурчак театр, дарыгерлик тууралуу подкаст, соло-энелердин жашоосун чагылдырган фотодолбоор, менструалдык гигиена жөнүндө үйрөтүүчү кыргыз тилиндеги видеолор, феминизм тууралуу онлайн-сабактар, экомарафон, TikTok'тогу адам укуктары жөнүндө блог, 360° калыптагы кыска метраждуу фильм, жыныстык билим берүү тууралуу блог, веб-экокомикс жана башкалар.Катышуучулар эки күндүк Boost Camp'те устат жана тренерлерден күчтөнгөн программада тажрыйба топтошту.
MediaJasa MediaKoon контент фестивалы менен аяктады. Ал иш-чарада долбоордун бүтүрүүчүлөрү, документалдык кинонун режиссеру Канат Бейсекеев, жарандык активист Ника Водвуд жана «Медиазонанын» журналисти Лиза Пестова өздөрүнүн контент жаратуу жана аны жайылтуу жолдору жөнүндө айтып беришти.
Биз, албетте, сизди тема тандоодо чектебейбиз. Бирок ыңгайлуулук кылуу максатында багыттар жөнүндө кыска маалымат бере кетели:
Сиздин долбооруңуз бул багыттарга тиешелүү эмеспи? Эч нерсе эмес! Баары бир каттоодон өтүңүз, шанс бар!
Ыңгайлуу жайгашып отуруңуз, азыр баарын айтып беребиз.
Июнь — биздин саякаттын башталышы: идеяңызды аныктап, ал жөнүндө каттоо формасы аркылуу айтып бериңиз. Ошондой эле, сайтта мурунку долбоорлор жөнүндө маалымат окуу, кызыктуу тесттен өтүү, контент түзүү боюнча карточкаладрды окуу жана көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алуу мүмкүн. Каттоо 2 этапта өтөт: ар биринин жыйынтыгында катышуучуларды тандайбыз.
Июлда Boostcamping'ге жөнөйбүз – жүрүштө тренингдер, мастер-класстар, менторлорду колдоосу жана йога сыяктуу иш-чаралар өтөт. Бул этапта идеяңызды идеалдуу деңгээлге жеткиребиз. Андан кийин каржылык колдоо ала турган MediaJasa'нын финалдык катышуучуларын тандайбыз.
Boostcamping бүтөрү менен жана ноябрь айынын аягына чейин сиз идеяңызды ишке ашырасыз. Биз ар тараптан колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз.